Социалдык долбоорлорду баалоо кантип жүргүзүлөрүн билгиңиз келеби?
КЭУнун Web-Академиясы «Социалдык долбоорлорду баалоо» — жаңы практикалык он-лайн курсун сунуштайт!
Сиз төмөнкүлөрдү билесиз:
∙ Долбоорлорду башкаруудагы баалоо;
∙ Баалоо жүргүзүү цикли;
∙ Баалоо жүргүзүүгө карата милдетти коюу;
∙ Баалоонун дизайны;
∙ Маалыматты топтоонун ыкмалары;
∙ Маалыматтарды талдоо;
∙ Баалоонун натыйжаларын колдонуу;
∙ Баалоонун этикасы, маданияты, баалоо жүргүзүүнүн принциптери;
∙ жана башкалар.
Курсту түзүү эл аралык эксперттердин командасынын, 6 өлкөнүн Баалоо жаатындагы Улуттук ассоциациялардын Евразиялык Альянсынын мүчөлөрүнүн жардамы менен мүмкүн болду. Техникалык колдоо USAIDдин финансылык колдоосу менен «ЖКӨА» Жарандык коомду өнүктүрүү ассоциациясы» тарабынан ишке ашырылуучу «Инновациялар үчүн Өнөктөштүк – P4I» программасы тарабынан ишке ашырылды.
Курс акысыз болуп саналат, кененирээк маалымат https://edu.cso-central.asia/ же катталуу үчүн кат жазыңыз study@argonet.org